“Кызмат” мамлекеттик мекемеси алдыдагы күндөргө карата Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 31-августта өлкө аймагындагы бардык Калкты тейлөө борборлору иштебейт. Ал эми 1-сентябрда Бишкек шаарында жумуш эмес күн болуп саналгандыктан, Калкты тейлөө борборлору кызмат көрсөтпөйт.
№1 КТБ (Октябрь району) — 12-кичи район, Нуркамал Жетикашева көчөсү, 29 («DK» соода борбору);
№2 КТБ (Свердлов/Аламүдүн райондору) — Ч. Валиханов көчөсү, 2 («АЮ Grand» / «Гранд Комфорт» соода борбору);
№3 КТБ (Ленин району) — Жаш Гвардия бульвары, 4;
№4 КТБ (Биринчи май району / «Кызмат» ММ) — Жибек жолу проспектиси, 381;
КТБ / Чет өлкөлүк жарандарды тейлөө бөлүмү жана Бакыт өргөсү — Жумабек көчөсү, 121/123;
“Глобус — ТЭЦ” кичи-КТБ — Чүй проспектиси, 41Б (Globus гипермаркетинин ичинде);
“Азия” кичи-КТБ — Д.Садырбаев (Баха) көчөсү, 107 («Азия» соода борборунун ичинде).
Белгилей кетсек, 1-сентябрда республиканын башка аймактарындагы Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей берет.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси жарандардан иш графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алып, КТБларга барууну алдын ала пландаштырууну жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик онлайн-кызматтарды пайдаланууну сунуштайт.
