Среда, 2 сентября

Путин Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына баа берди

0

Россиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн саммитин даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргызстандын аткарган иштерин белгиледи. Бул тууралуу ал 1-сентябрда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Владимир Путиндин айтымында, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылган мезгилинде Садыр Жапаровдун түздөн-түз катышуусу менен уюмду мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер макулдашылган.

«Саммиттин жыйынтыгында бир катар маанилүү документтер, анын ичинде Бишкек декларациясы жана ШКУнун Хартиясына протокол жактырылды», — деп белгиледи Россиянын лидери.
Ошондой эле Владимир Путин Кыргызстандын ШКУ саммитин даярдоого жана өткөрүүгө жасаган чоң эмгегин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз