Среда, 9 сентября

Быйыл ЖОЖдорго 39 миңге жакын студент кабыл алынды

0

Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга мамлекеттик гранттык жана келишимдик негизде жалпы 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди.

Анын айтымында, 2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү 25-августта алтынчы тур менен жыйынтыкталды.

“Бүгүнкү күндө 10 миң гранттык орунга кабыл алынгандардын саны 7 миң 885 абитуриент болду. Ошондой эле келишимдик негизде кабыл алынган абитуриенттердин саны 31 миң 30ду түздү”, — деди Исиралиева.
Ошентип гранттык жана келишимдик негизде кабыл алынгандардын жалпы саны 38 миң 915ке жетти.

Маалыматка ылайык, 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар жаңы окуу жылына толук даяр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз