Польшанын премьер-министри Дональд Туск кечээ Украина чек арасындагы бекетке багытталган «түздөн-түз коркунучка» бөгөт коюлганын жарыялады.
Польша басма сөзүнүн маалыматына ылайык, премьер-министр Туск бул тууралуу Словакиянын борбору Братиславада Венгриянын, Чехиянын, Словакиянын жана Ирландиянын премьер-министрлери менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Туск Польша менен Украинанын расмий өкүлдөрүнүн кызматташтыгынын аркасында кечээ кечинде «чек ара бекетине багытталган түздөн-түз коркунучка» бөгөт коюлганын айтты.
Орусиянын Молдовада чек ара өтмөктөрүнө провокациялык чабуулдарды жасаганын жактаган Туск: «Украина менен чек ара өтмөктөрүнө багытталган ушул сыяктуу аракеттерди Польшаны кошо алганда башка өлкөлөрдө да күтөбүз», — деди.
