11-сентябрда кечинде Талас шаарынын борбордук аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
ИИМден билдиришкендей, Талас облусунун тургундары жана шаардын коноктору кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздары катышкан концерттик программаны көрүштү.
Майрамдык иш-чара учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышты.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Иш-чара аяктагандан кийин эл үйлөрүнө тынч тарады.
