Понедельник, 14 сентября

Коопсуздук кеңешинин катчысы Таластагы чек арачылар менен жолукту

0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Талас облусундагы Бүргө баатыр атындагы “Арал” чек ара заставасына барып, мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруу, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысына инженердик инфраструктуранын абалы, техникалык жактан жабдылышы жана өздүк курамдын коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана чек арачылардын кызмат өтөөсү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Адилет Орозбеков аскер кызматкерлеринин мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин ак ниет жана кесипкөйлүк менен аткаруусунун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн чек араларын ишенимдүү кайтаруу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири экенин баса белгиледи.

Сапардын жыйынтыгы боюнча чек ара коопсуздугун мындан ары чыңдоого багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз