Вторник, 15 сентября

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак жарыяланды

0

Жаштар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча республикалык эссе сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки бардык каалоочулар катыша алат. Эсселерди кабыл алуу 9-сентябрдан 23-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Катышуучулар “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы гуманизм философиясы”, “Айтматовду окуганда…”, “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы илим жана техника”, “Жазуучунун чыгармачылыгындагы экологиялык көйгөйлөрдүн актуалдуулугу” жана “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы балдардын образдары” деген беш теманын бирин тандай алышат.

Сынакка катышуу үчүн арыз толтуруу зарыл. Эссенин көлөмү төрт бетке чейин болушу керек. Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Белгилей кетсек, сынакты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду уюштурууда.

Кайрылуулар үчүн: Электрондук дарек: d.akun@ilim.gov.kg Сайт: fund.patent.kg Телефондор: (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз