Кыргызстан менен Азербайжан мугалимдерди өз ара алмашуу боюнча макулдашууну ишке ашырууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Лятиф Гандилов жана Азербайжандан келген мугалим Вердева Улькер Рауф кызы менен жолугушууда белгилүү болду.
Ведомствонун маалыматына караганда, аталган макулдашуунун алкагында азербайжандык педагог Кыргызстанга келип, мектептерде азербайжан тилинен сабак берет.
Ал Н. Гянджеви атындагы №103 жана Г. Алиев атындагы №20 мектептерде окуучуларга азербайжан тилин үйрөтөт. Өз кезегинде кыргызстандык мугалим Азербайжанга барып, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.
Мугалимдерди алмашуу эки өлкөнүн билим берүү жана маданий байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.
