Кечээ, 24-сентябрда катуу жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Бостери айылында Кызыл-Чап сел өтүүчү каналдан суу ташып, эки турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине 8 куткаруучу, мэриядан 9 кызматкер жана атайын унаалар тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.
Ошондой эле эки турак үйдүн короолоруна кирген суу тазаланган.
Белгилей кетсек, аталган Кызыл-Чап каналы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын карамагында турат. Буга чейин канал
