Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү боюнча жумушчу жолугушуу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, «Айыл чарбасындагы аялдар: биригүү, катышуу, өнүгүү» аттуу иш-чарага аял фермерлер, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты.
Жолугушууда аялдардын жер жана суу ресурстарына, жеңилдетилген насыяларга, гранттарга жана инвестицияларга жетүүсү, продукцияны кайра иштетүү, сертификациялоо жана жаңы рынокторго чыгуу маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле министрликтин алдында Гендердик кеңеш түзүү жана аял фермерлерди, ишкерлерди бириктирген «Агро айым» кыймылын түзүү сунушталды.
Мындан ары бул демилгелерди иштеп чыгуу жана координациялоо үчүн 7-10 адамдан турган жумушчу топ түзүү сунушталды.
