Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр үчүн бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Сунуш ТМУнун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушууларда айтылды.
Платформа ТМУ өлкөлөрүндө дары-дармектерди каттоо жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү ыкманы калыптандырууга, дары каражаттарынын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылууга, түз жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды уюштурууга багытталат.
Жолугушууларда андан сырткары, медициналык кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу, адистердин стажировкадан өтүүсү, илимий кызматташтык, медициналык буюмдар менен камсыздоо жана фармацевтикалык өндүрүштү жергиликтештирүү маселелери да талкууланды.
Ошондой эле тараптар саламаттык сактоону санариптештирүү, телемедицина жана жасалма интеллектти диагностикада жана клиникалык практикада колдонуу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.
Түркия менен жолугушууда Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк мамлекеттик достук ооруканасын өнүктүрүү, трансплантология жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери каралды.
Казакстан тарап менен Кыргызстанда өткөн Казакстан медицинасынын күндөрүнүн жыйынтыгы да талкууланды. Анын алкагында Чүй облусунун 1 300дөн ашык тургунуна консультациялар, операциялар жана медициналык текшерүүлөр өткөрүлүп, эки өлкөнүн медициналык жана билим берүү уюмдарынын ортосунда жети меморандумга кол коюлган.
