Чолпон-Ата шаарында 9-октябрда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жарандардын кезектеги жыйындары өтөт.
Мэриянын маалыматына караганда, жыйындар төмөнкү жайларда саат 14:00дө өткөрүлөт:
А. И. Абдуразаков атындагы мектеп-лицейде;
А. Осмонов атындагы орто мектепте;
Бостери айылындагы Маданият үйүндө;
Бактуу-Долоноту аймагындагы Т. Атаев атындагы орто мектепте.
Чолпон-Ата шаарынын тургундары жыйындарга активдүү катышууга чакырылат.
