Пятница, 9 октября

Кыргызстан менен Өзбекстандын Парламенттер аралык комиссиянын VI жыйыны өттү

0

Күн мурун Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын VI жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында тараптар кыргыз-өзбек парламенттер аралык алакаларды арттыруу, соода-экономикалык, инвестициялык, аймактар аралык жана чек арага чектеш аймактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңеш Олий Мажлис менен парламенттер аралык кызматташтыкты өз ара ишенимди чыңдоонун маанилүү куралы катары баалап: «Парламенттик дипломатияны өнүктүрүү – учурдун талабы. Ачык жана толук форматтагы парламенттер аралык диалог Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин жана мамлекеттер ортосундагы байланыштарды бекемдөөдө жана өз ара көпүрөлөрдү курууда жыл өткөн сайын дагы да маанилүү роль ойнойт», – деди Бактыяр Калпаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Кыргызстандын Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды активдүү кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана ар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастап: «Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, чек арадан өтүүгө кеткен убакытты кыскартуу, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашууну камсыз кылуу жана ашыкча административдик жана техникалык тоскоолдуктарды ырааттуу жоюу чоң мааниге ээ», – деп кошумчалады Нилуфар Алимжанова.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, мындай байланыштар ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн бекем негиз түзөрүн айтты. «Биз санариптик билим берүү ресурстарын, электрондук китепканаларды жана архивдерди биргелешип өнүктүрүп, тарыхый-маданий мурастарыбызды сактоо жана жайылтуу үчүн заманбап технологияларды пайдалана алабыз. Мындай ыкма маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жаш муундар үчүн дагы жеткиликтүү кылууга жакшы мүмкүндүк түзөт», – деп баса белгиледи Болот Сагынаев.

Депутат Адилет Белеков чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түз жана туруктуу алакаларды мындан ары өнүктүрүү маселесин ортого салып, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары менен Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустарынын ортосундагы түз өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү тууралуу сөз кылды. «Дал ушул аймактык деңгээлде жетишилген макулдашуулар соода жана инвестиция, айыл чарбасы, транспорт жана логистика, энергетика, туризм, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык аркылуу практикалык мазмунга ээ болот», – деди Адилет Белеков.

Белгилей кетсек, жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, аталган комиссиянын теңтөрагасы Жылдыз Таалайбек кызы баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев, Нилуфар Алимжанова, Болот Сагынаев, Адилет Белеков, ошондой эле Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төраймынын биринчи орун басары, аталган комиссиянын теңтөрагасы Содик Сафоев баштаган парламенттик делегация катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз