Пятница, 30 октября

Бишкекте Исхак Раззаков эскерилди

0

Бишкектеги Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 116 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн, экономикасынын, илим-билиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан тууралуу тарыхый эстутумду сактоого багытталды.

Эскерүү кечеге Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова, студенттер, окуучулар ыктыярчы жаштар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Исхак Раззаковдун келечекке каты» аттуу чыгарма окулуп, концерттик программа тартууланды.

Кече үй-музей боюнча экскурсия менен жыйынтыкталып, анын катышуучулары көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүрү жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз