Четверг, 5 ноября

Министр Кулубаев Астанага барат

0

6-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Астана шаарында өтө турган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Иорданиянын падышасы Абдалла II тарабынан демилгеленген «Акаба процессинин» жасалма интеллект коопсуздугу боюнча саммитине катышат.

ТИМдин маалыматына ылайык, саммиттин жүрүшүндө жасалма интеллекттин өнүгүшү жана колдонулушуна байланыштуу эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, анын ичинде террористтик жана экстремисттик максаттарда колдонулушун талкуулоо, ошондой эле заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз