Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймактын актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен таанышты.
Токмок шаарында акыркы жылдары өндүрүш секторунун өнүгүүсү жанданган. Атап айтканда, 11 ири ишкана пайдаланууга берилип, 423 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, 2 117 жумуш ордун камсыз кылган чакан жана орто бизнестин 201 ишканасы ачылган.
Жаңы өндүрүш объектилеринин катарында сыр өндүрүүчү ишкана, шиналарды кайра иштетүүчү завод, үч асфальт-бетон заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод, электр-техникалык жабдууларды өндүрүүчү ишкана, таш майдалоочу эки цех, ошондой эле пеноблок жана терезе өндүрүштөрү бар.
2021-2026-жылдары шаарда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жогорку билим берүү тармагындагы 11 объект, эки мектеп, алты бала бакча, беш кичи футбол талаасы, эки спорт зал, төрөт үйү, төрт парк жана бассейн бар.
Ошондой эле Калкты тейлөө борборунун имараты, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты, 300 окуучуга ылайыкталган Д. Казакбаев атындагы № 14 мектептин окуу корпусу жана “Космос” кинотеатрынын имараты пайдаланууга берилген.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 49 даана атайын техника жана 10 жүргүнчү ташуучу автобус сатып алынган.
Чүй районунда отчеттук мезгилде 31 объект курулуп, пайдаланууга берилген, анын ичинде төрт мектеп, үч спорт комплекси, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, фельдшердик-акушердик пункт, 14 кичи футбол аянтчасы жана административдик имарат бар.
Учурда жети объекттин курулушу уланууда. Атап айтканда, Калыгул-Бурана, Дөң-Арык жана Садовое айылдарында бала бакчалардын, Кара-Дөбө жана Прогресс айылдарында мектептердин, ошондой эле Кегети токой чарбасында башталгыч класстар үчүн мектептин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, Ленин-Жол, Чоң-Жар жана Бурана айылдарында кичи футбол аянтчаларын куруу каралган.
Суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында 44,78 км суу түтүк тармактары тартылган. Ирригация тармагында 34,9 км сугат каналдары курулуп, оңдолуп жана тазаланган.
Келечектүү долбоорлордун катарында Чүй районунун аймагында жалпы аянты 202 га түзгөн өнөр жай аймагын түзүү бар. Бул жерде күтүлүп жаткан инвестициянын көлөмү 31 млрд 640 млн сомду түзгөн 21 ишкананы куруу пландалууда. Зарыл инфраструктураны түзүү үчүн 600 млн сом талап кылынат.
Кемин районунда акыркы жылдары өнөр жай өндүрүшүнүн жана туристтик инфраструктуранын өнүгүүсү байкалууда, жаңы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, жумуш орундары түзүлүүдө.
Атап айтканда, 2021-2025-жылдары беш өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилип, аларда жалпысынан 608 жумуш орду түзүлгөн.
Мындан тышкары, ири өнөр жай долбоору — цемент заводунун курулушу ишке ашырылууда. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 3 200 тонна клинкерди жана 1 400 тонна цементти түзөт. Инвестициянын көлөмү болжол менен 104 млн АКШ долларына бааланууда. 700 жаңы жумуш ордун түзүү каралган.
2021-2026-жылдары райондо 72,4 км жол асфальтталып, бул иштерге 562,1 млн сом багытталган. Ошондой эле муниципалдык кызматтардын жана айыл чарба тармагынын материалдык-техникалык базасы жаңыланууда.
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга жалпысынан 289 млн 800 миң сом багытталган.
