Вторник, 17 ноября

Ипотекалык үй ала тургандар 235 сом төлөйт

0

Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтүнмө берүүдө кезекке турууну каалаган жаран 235 сом, ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн 212 сом төлөйт. Бул тууралуу компания маалымдады.

Маалыматка ылайык, 235 сомдун 212 сому кадастр кызматына, 3 сому паспорттук маалыматтарды текшерүү кызматына, 20 сому мобилдик оператордун SMS-билдирүү кызматына төлөнөт.

Ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн алынуучу 212 сом кадастр кызматына багытталат.

Компания белгилегендей, бул төлөмдөр МИКтин бюджетине түшпөйт. Каражаттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөн мекемелерге которулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз