Среда, 18 ноября

Банктардын кирешеси 24,2 пайызга өстү

0

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын банк секторунун активдери 1 трлн 504,8 млрд сомду түзүп, 24,2%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн банк секторунун депозиттик базасы 919,2 миллиард сомду түзгөн. Мында мамлекеттик банктардын капиталдык базасы чыңдалганы белгиленди.

“2026-жылдын 10 айында “АБанктын” уставдык капиталы 60 миллиард сомго көбөйүп, 79,8 миллиард сомго жетти. “Элдик Банктын” уставдык капиталы дээрлик 5 миллиард сомго өсүп, 81,3 миллиард сомду түздү. Ал эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 1,3 миллиард сомго көбөйүп, 22,7 миллиард сомго жетти”,-деди Касымалиев.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-ноябрына карата өлкөнүн банк тутумунун насыялык портфели 675 миллиард сомду, депозиттик базасы 924,8 миллиард сомду түзгөнү маалымдалды.

Анын ичинен “Элдик Банк” менен “АБанктын” насыялык портфели жалпысынан 229,6 миллиард сомго, ал эми депозиттик базасы 214,7 миллиард сомго жеткени айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз