Коомдук каналдын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты.
Сурактан кийин ал “Манас” аэропортун жетектеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергендигин айтты. “Манас” аба майданын жетектеп турганымда 2014-жылы май куюучу комплекс сатылып алынган. Ал жеке менчик болгон. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, – деди Илим Карыпбеков. Финполдун тергөөчүлөрү Илим Майрамбековичти дагы канча суракка алаары белгисиз, бирок ал бул боюнча дагы чакырылаарын жашырган жок. Айтканына караганда суракка андан башка да аэропорттун бир топ кызматкерлери чакырылган.
Илим Карыпбеков 2014-2015-жылдары эл аралык “Манас” аэропортун жетектеген. Андан кийин Коомдук телерадиокорпорациясын башкарган.