Суббота, 4 мая

Өзгөнү коюп өзүбүздүн мигранттарды колдосок

0

Адам баласы жашаган алмустактан берки тарыхында жер которуп жашоо кечиргени баарыбызга маалым. Бул процессти эзелки кыргыз жер которуп көчүү деп келсе, азыркы ааламдашуу доору миграция термини менен кеңири түшүндүрүп келет. Кыргызстан 1991-жылдагы эсил кайран СССРдин тарашынан кийин ээ болгон эгемендүүлүк тарыхынын жыйырма сегиз жылында башынан кечирген коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр карапайым калкыбызды аябай эле калчады. Мына ушул өткөөл мезгилдин урунттуу нерсеси элибиздин кара-курсактын айынан жана бакыт издеп чет эл, чет жерге мигрант болушу экени талашсыз. Сөзүбүз куру болбосу үчүн бир катар фактыларга токтоло кетейин. Кыргызстандын калкы 2018-жылдын аягына карата 6 млн 300 миң болсо анын ичинен 1 миллионго жакыны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында экендигин Кыргызстан Өкмөтүнүн мамлекеттик миграция кызматы расмий маалымдап келет. Бир миллиондон ашык элибиз негизинен Орусияда, Казакстанда, Түркияда, Кореяда, Америка Кошмо Штаттарында, Европа биримдигинде жана Араб эмираттарында эмгектенип нан таап, үйүнө акча жиберип жашоо кечирүүдө. Бул акча которуулар Улуттук банктын берген маалыматы боюнча 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен 2 млрд 479,5 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул акчанын дээрлик 90% Орусиядан (2 млрд 436,3 млн доллар), экинчи орунда 24,2 млн доллар АКШдан жиберилгенин маалымдаган. Эмгек мигранттарынын акча которуулары өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 30% түзөөрү дагы көп нерседен кабар берип турат. Ошол эле Улуттук банктын маалыматы боюнча мигранттардын акчалай которуулары 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 191,6 млн АКШ долларына көбөйгөндүгүн тастыктаган. Бул цифралардын 2016-2015 же андан дагы мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөрүн изилдесек жылдан жылга өсүү бар экендигине күбө болобуз. Демек, биздин мекендештердин жыл сайын өз ата-журтун таштап четке эмгек миграциясына кетип жаткандыгын оор турмуштан экендигин билебиз.

Бул абалдын артынан пайда болуп жаткан башка коркунучтар бизди ойлондурбай койбойт. Кеп биздин мамлекетибиздин жарандарынын, айрыкча эмгекке жарамдуу жаштардын миграцияга кетип жатканы болууда. Жаштар чет эл, чет жерге барып отурукташып калып калуулары да көп болууда. Жөн эле тынч аман отурукташып, бутуна туруп жашаганды кой, ошол жаштардын айрымдарынын туура эмес чөйрөгө кабылып, бузулуп кеткендери да биз үчүн чоң трагедия. Никесиз төрөлгөн балдар, тагдыры талкаланган секелек кыздар, үй-жайы жок селсаяк болгон жаштар, орто жаштар-мына ушулардын баары биздин республиканын имиджине доо кетирүүдө. Жүк 200 аты менен ата-мекенине өлүк денеси кайткан мекендештер дагы талуу маселе. Расмий мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык 2016-жылы 184 мигрант, 2017-жылы 136 кыргызстандык чет эл, чет жерде кырсыктын себебинен каза болушкан. Ал эми ошол чет жерде жүрүп кылмышка кириптер болуп соттолуп, түрмөдө калган биздин мигранттар сөөгүңдү сыздатат. Цифраларга карасак Орусияда 1354, Казахстанда 219, жалпысы 1804 жаран түрмөлөгө камалган. Бул маалыматтар 2016-2017-жылдарга таандык. Ал эми 2018-жылдагысы али расмий ачыктала элек.

Биздин эмгек мигранттардын Орусияда ”кара тизмеге” түшүп кыйналганы өзүнчө бир трагедия. Орусиянын федералдык миграция кызматынын 2017-жылдын декабрь айына берген маалыматына ылайык кыргызстандык 77702 эмгек мигранты ”кара тизмеде” болгон. Орусия бийлиги бул маселени чечүү ниети бар экендигин билдиргенсигени менен, карапайым мигранттын абалы жеңилдеп кеткен жок. Орусиянын бул ”кара тизмени” кааласа көбөйтүп, кааласа азайтып койгону баарыбызга маалым.

Миграцияга кеткен элдин ордуна келип жаткан чет элдиктердин санынын расмий жана бейрасмий өсүп жатканы дагы коомубуздун проблемасына айланууда. Жашырганда эмне, коңшулаш Өзбекстан, Кытай, Тажикстандан, ошондой эле көп элдүү Индия менен Пакистандан келип каптап жаткан келгиндер мекендештерибиздин арасында кооптонууну жана нааразычылыктарды пайда кылууда. Бул маселенин талуулугун өткөн жумада 17-январь күнү Бишкектин борбордук аянтында болуп өткөн кытайлардын жана башкалардын мыйзамсыз өлкөбүзгө келип отурукташуусуна каршы мекенчили, оппозициясы, радикал чагымчылы, ортозаары айтор баардык тараптардын катышуусундагы митинг ачык мисал кылып көрсөттү. Келгиндердин маселеси эмгек миграциясына кеткен жарандарыбыздын меселесинен алда канча кооптуу жана тамырлуу экендигин эл арасында көбөйүп жаткан “жээндердин” санынан билсек болот деген пикирлер арбын.

Мына ушул көйгөйлөрдүн алдын алуу иш-чаралары негизинен бийликтин иши экендигин коомчулук кайталоодон тажабайт. Өкмөттүн бул талаптарга жообу даяр. Чиновниктер мигранттар менен иш алып барган Мамлекеттик миграция кызматы бар жана мигранттар менен иш алып барган Тышкы иштер министирлигинин элчилик, консулдуктары бар дешет. Жогорудагы мамлекеттик органдардын көп учурларда жөн эле формалист-статист болуп, маселе чечип-жардам бербей, жанбакты абалы жарандардын кыжырын келтирүүдө.

Ошол эле убакта, эмне үчүн эл тентигенин, коңшу мамлекеттер өнүгүп жатканда Кыргызстан эмнеге 3,4 млрд доллар карызга батып, өнүгө албай жатканын, бул маселеге туташ коомубуздагы ата конушунда каралбай калган жаш балдардын зулумдукка кабылганы, көч балдары маселеси деги койчу көптөгөн оор суроолору бар. Бул суроолордун арасында эң башкысы чиновниктердин калкка кызмат кылбай эле мите болгону, коррупциянын болуп көрбөгөндөй тамырлашканын баса белгилеген элдик нааразычылык байкалууда. Коррупциянын Кыргызстандагы деңгээли эл аралык Трансперенси интернешнл уюмунун жылдык рейтингдеринде жогорку көрсөткүчтө берилүүдө. Айрыкча тоо-кен тармагындагы коорупция, кен казган чет элдик компаниялардын жергиликтүү экологияны бузуусу, иштетилип жаткан кендин жанында жашап туруп жергиликтүү калктын ишсиз калышы, салык төлөөдөгү алашемдиктер өңдүү маселелер Кыргызстан коомчулугун ойготууда десек жаңылышпайбыз.

Ушул жагдайлардын баарын туура таразалап караганда ”туура жолдо баратабызбы же адаштыкпы?” деген суроо акылыбызда.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй миграциянын таасири менен бутуна туруп өнүгүүгө жетишкен бир катар элдер, мамлекеттер бар эмеспи. Ошол эле боордош эл — Түркия, же Индонезия, Түштүк Кореянын эли заманында эмгек мигранты болуп Германияга жана Японияга барышкан. Ал жерден иштешип, орун очок алышып, акырындык менен ошол өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын өз ата-мекенине экспорттоого ийгиликтүү жетишишкен. Бизде да ошолорго окшоп, эмгек мигрант болуп чет элде тер төгүп мээнет кылган мекендештер Кыргызстанга инвестиция алып келип жаткандарын билебиз. Борбор шаар Бишкекте, Ош, Жалал-Абадда, Чүй өрөөнүндө, деги эле баардык аймактарда кыймылсыз мүлктүн, дыйканчылыктуу жерлердин кымбатташы, курулуш тармагынын дүркүрөп өнүгүшү, чоң ысырапта өтүлүп жаткан тойлордун жана той өткөргөн тойкана-ресторандардын көбөйүшү, айыл жерлеринде мал чарбасынын тездик менен калыптанышын, базарлардагы соода сатыктын жүргүзүлүшү, банктардын насыя берүү жана акча которуу кызматынан улам ирденүүсү, дагы көптөгөн нерселер миграциядагы биздин жарандардын салымынын таасири экендиги талашсыз.

Ошондуктан жогоруда белгиленген маселелер жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун туура аныктап, туура багытта иш алып баруу азыркы чыңалууда турган коомдук кырдаалдын терс багытта орун алуусуна бөгөт болмокчу. Ал эми бул иш-аракеттерди туура алып барууга өкмөттүн күчү жана жөндөмү канчалык жетээрин үстүбүздөгү жылдын күз айы көрсөтөөр. Ал эми ошол күздү кабатырланган эл чыдамы жетип күтөөр бекен же болбосо айгай салып дагы төңкөрүшкө жүрөөр бекен? Бул суроонун жообун али эч ким бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз