Воскресенье, 19 мая

Көчмөндөр оюндарынын Таласка тийгизген шарапаты

0

Кийинки улуттук көчмөндөр оюндары 2021-жылы, тагыраагы туура эки жылдан кийин Ош облусунда өтөт. Бул туурасында Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкекте өткөн маалымат жыйында кабарлады.
Айтымында, Талас облусундагы улуттук көчмөндөр оюндары жогорку денгээлде, уюшкандык менен өттү.
“Оюндарды өткөрүүнүн негизги максаты көчмөн маданиятты, улуттук спортту даңазалоо гана эмес, аймактардагы облустардын инфра түзүмүн жакшыртуу дагы болуп эсептелет. Таласта жаңы ат майдан салынып, жолдор жаңыланган. Бир нече күндүн ичинде Талас укмуштуудай этно шаарчага айланып, келген конокторду Талас эли жылуу тосуп алды”- дейт Жаманкулов.
Маалымдалгандай Таластагы ири иш чарага мамлекет тарабынан жалпысынан 50 миллион сом каралган. Анын 30 миллиону ат майданды салууга коросо, калганы Манас ордо комплексин жаңылоого, этно-шаарча, этно базар курууга, маданий жана спорттук иш-чараларга жумшалган. Ошондой эле оюндарга таластык ишкерлерден тышкары, негизги демөөрчүлөр дагы өз салымын кошкон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз