Жакында экс-депутат Ширин Айтматова Жогорку Кеңештеги ун ишкерчилиги менен алектенген ишкер-депутаттарды ун азыктарына салыкты жеңилдетүү мыйзамын өз кызыкчылыктарына карап кабыл алышканын айтып чыккан эле. Экс-депутат мындай мыйзам кабыл алуу менен Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев жана “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов капчыктарын калыңдатып алганын белгилеген.
Айтматованын айыптоосуна жооп кылып Бакыт Төрөбаев: “Ал биринчи атасынын музейин карап алсынчы. Музей кароосуз калыптыр. Аны оңдоп-түзөө менен алектенсин, бирөөгө жалаа жапкандын ордуна”, — деген таризде жооп узаткан.
Ал эми Ширин Айтматова музей өз ишин жакшынакай акыбалда аткарып жатканын жарыялады. Айтымында, музейди кароосуз калды деп айтууга болбойт, ал болгону Чыңгыз Айтматовдун жашоосундай жөнөкөй.
“Айтматов кандай жашаса музейи да так ошондой. Азыр аткаминерлер ак сарайларда жашаганга гана ыраазы болуп калышты, алар Айтматовдун дүйнөсүн түшүнө алышпайт. Учурдагы музей бизди толугу менен канааттандырат. Улуу жазуучу кандай жашаса так ошондой сактап калуу керек. Бул таза эмгек өлкөдө барктуу болоорун ар бир көргөн адамга эскертип турсун. Адам кандай иш менен алектенбесин эгер ал нанын ак эмгек менен тапса сыйга татыктуу. Ал эми мыйзамдарды чыгарып, элди тоногон адамдар туура эмес жашагандар”, — деди Айтматова.
Чыныбай Турсунбеков да экс-депутат жарыялаган ун азыктарына салыкты жеңилдетүү боюнча мыйзам тууралуу маалыматты жалганга чыгарган. Ал дагы Айтматованын айтканына “ит үрө берет, кербен жүрө” берет деген макалды кошуп жооп кайтарып, тоготпогонун байкаткан.