Понедельник, 25 ноября

Кыргызстанда карылардын саны өсүүдө

0

Бүгүн республикада карылар күнү белгиленүүдө. Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда улгайгандардын саны 91 миң көбөйгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык жыл өткөн сайын өлкөдө улгайгандардын саны жаштардыкын басып өтөт. Маселен үстүбүздөгү жылы карылардын саны 500 миңге жеткен. Айрыкча эркектерге салыштырмалуу улгайган аялдар 2,3 эсеге көп.

Ошондой эле эркектердин өлүмү көбөйгөн. Бул алардын өмүр сүрүү курагын кыскарткан. Айта кетсек пенсиялык куракка чейин жашоо аялдарда 90 %ды түзсө, эркектердики 70 %ды гана түзөөрү аныкталган.

Эскерте кетсек, карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Мындай чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 1990-жылдын декабрында кабыл алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз