УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Бишкек мэриясынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкери ачыктады. Ал жеке турак-жайларды курууга жер тилкелерин камсыз кылуу боюнча алектенген.
УКМКнын маалыматына караганда мэриянын бөлүм башчысы А. Н. башка жаран менен макулдашып алып коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишеничине кирип, “Калыс Ордо” жаңы конушундагы 2,7 гектар аянттагы жер менен мыйзамсыз камсыз кылып, акысына 2 миллион сом алышкан.
Такталгандай А. Н. мэриянын жетекчилигинин жана башка мамкызматтардын жасалма колу коюлган документтерди жасаган. Аны менен катар бөлүм башчы бул кылгандары мыйзамга каршы келээрин жана ачыкталчу болсо кандай жоопкерчилик күтөөрүн жакшы билген.
Факт боюнча мэриянын бөлүм башчысы А. Н. менен С. А. аттуу жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке катыштыгы бар башка жарандар да иликтенүүдө.