Жогорку Кеңештин VII чакырылышына сабатсыз «базаркомдор» келип калуу коркунучу бар. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев бүгүнкү комитет жыйыны учурунда билдирди.
Ал социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсыздануусун билдирип: “Учурдагы парламенттин аброюу боюнча айта турган болсом, бизди жаман көрсөтүү аракеттери жүрүп жатат. Бардык мыйзам бузууларга депутаттар кириптер дегендер чыгууда. Мында башкы куралга социалдык тармактар айланды. Президенттин буйругу, өкмөттүн, парламенттин чечимине эч ким ишенбей, социалдык тармакка ишенип калышты. Жаңы идеология жаралууда. Социалдык тармактын өнүгүп жатканы бир жагынан жакшы, экинчи жагынан жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканы жаман көрүнүш. Эртең парламенттик шайлоо өтөт. Талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтар тарап баштайт. Шайлоо мыйзамдарын карап чыгалы. Алардын жоопкерчилигин караш керек. Фейктер менен жашап калсак мамлекеттин түзүлүшүнө доо кетет», -деди.
Ошондой эле комитеттин жыйынынан кийин ушул фейктердин маселесин кароону сунуштады.