Түрк авиакомпаниялары каттамдарда атайын даярдыктан өткөн полициянын кызматкерлерин кошо ала жүрүүгө милдеттендирилди. Мындай жарлыкты Түркиянын Ички иштер министрлиги чыгарды.
Ага ылайык эми Түркиядагы ар бир авиакаттамда полициянын экиден кем эмес кызматкери жүргүнчүлөр менен кошо учат. Полиция кызматкерлеринин милдетине учактарды карактоо аракеттерин токтотуу жана борттогу ар кандай окуялардын алдын алуу кирет. Аба полициясынын кызматкерлери жүргүнчүлөр менен катар отуруп ар кандай окуяларды тыюуга укуктуу.
Аба полициясына укук коргоо кызматтарында беш жылдан ашуун убакыт иштеген кызматкерлер жумушка алынат. Алар үчүн атайын жарандык авиациянын терминологиясы, туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жана атайын даярдыктарды окуткан кошумча курстар өткөрүлөт. Ар бир каттамдан кийин алар отчет беришет. Аба полициясы экипаждын мүчөлөрүнө баш ийбейт. Анда тышкары жүргүнчүлөргө таанылышпайт, алардын ким экенин бир гана экипаждын мүчөлөрү билишет. Ал эми авиакомпаниялар аба полициясынын кызматкерлеринин учуудагы чыгымын өздөрү көтөрүшөт.