Понедельник, 25 ноября

“Баары камтылган”. Түрк отелдериндеги орусиялык туристтердин жоругу

0

Орусиялык туристтер отелден мөмө-жемиш, суусундуктарды чемодандарына салып ташып кетип жатканда кармалды. Бул тууралуу Sabah.com.tr жазды.

Орусиялык турист Түркиянын Манавгат шаарында 3 жылдыздуу отелде эс алып, үйүнө кайтууга камданат. Отелден чыгып бараткан туристтин жүрүш-турушу шектүү көрүнгөндүктөн аны агенттиктин кызматкерлери жана отелде иштеген тиешелүү адамдар текшерүүгө алышат. Жыйынтыгында туристтин чемоданынан азык-түлүктөр, баштыктарга салынган суусундуктар, оролгон мөмө-жемиштер табылган. Чемодандан табылган азыктар боюнча иш каттоого алынды.

“Баары камтылганды” башкача түшүнүп алышкан
Отель кызматкерлеринин айтымында бөлмөлөргө тамак-аш жана суусундук алып кирүүгө тыюу салынган. Отелге кирип жатканда бардык туристтер бул тууралуу эскертүүнү окуп, шартка макулдугун билдирип кагазга кол коюшат. Мындан тышкары да отелдин шарттары боюнча брошюра берилет. “Ага карабай кээ бир туристтер бөлмөлөрүнө тамак алып кетишет. Жыйынтыгында бөлмөлөрдөгү тамак-ашка чымын-чиркей айланчыктап келсе кайра аны сүрөткө тартып бизге жөнөтүп, арызданышат”, — дейт отелдин кызматкерлери.

Кызматкерлер “баары камтылган” деген белги отелдин ичине гана тийиштүү экенин, бирок сыртка ташууга, өзү менен ала кетүүгө болбой турганын белгилешет.

«Отелде кимдин канчалык жеп-ичкенине кийгилишпейбиз. Келген коноктор атайын ресторанда каалаганын чектөөсүз пайдалана алышат. Ага да алымсынбай баштыктарына салып өлкөсүнө көтөрүп жөнөгөнүнө не дейбиз? Баары камтылган” деген мүмкүнчүлүктү туура эмес түшүнүп алышса керек”, — дешет алар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз