Белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин атасы, акын Төлөн Шамшиев 1953-жылы Кытайга барган. Белгилей кетсек өткөн кылымдын 1950-жылдары СССРдин бийлиги күя алып турган учур болгон жана ал кезде союздун жарандары үчүн чет өлкөлөргө чыгуу чанда туш болуучу мүмкүнчүлүк эле. Болот Шамшиев атасынын Кытайга алгачкы сапарынан алган таасирин «kyrgyz.news» менен бөлүштү.
«Атам кытайлардын абдан чынчыл болоорун таңдануу менен да, суктануу менен да айтып келгени эсимде. Кытайдын бир генералы менен сүйлөшүп калыптыр. Ал: «Союздун генералдары менен биздин айырмабыз салмагыбызда. Алар семиз, биз арык, анткени биз уурдабайбыз»,-деген экен», — деди Болот Шамшиев.
Төлөн Шамшиев 2001-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Акындын көптөгөн ыр жыйнактары орус тилине которулган.
Бүгүн Бишкекте Кытайдын 70 жылдыгына арналган тегерек стол өтүүдө.