Воскресенье, 19 апреля

Салымбеков: Биз кытайлык өндүрүшчүлөр менен атаандаша албайбыз

0

Ишкер Аскар Салымбеков Кыргызстанга келген товарлардын 75 пайызы Кытайдан келээрин белгилейт. Ал 1991-жылы ачкан базары кытай товарлары аркылуу өз ордун тапканын айтат.
«1980-жылдардын аягында эле кытайлар бизден, тагыраагы СССРден товар алышчу. Арадан аз убакыт өтпөй Кыргызстан эгемендүү өлкө болгон 1990-жылдары биз алардан товар алып калдык. 1995-жылдардан тартып алардын өндүрүшчүлөрү өнүктү. Учурда Кыргызстанга келген товарлардын 75 пайызы Кытайдан келет. Бул жагынан биз коңшу мамлекеттен үлгү алышыбыз керек», — деди Салымбеков.

Ишкердин айтымында Кыргызстан гигант өлкөнүн аракетинен өз ордун табуусу кажет. Эки өлкөнүн кызматташтыгы биздин чакан өлкө үчүн пайдалуу, бирок ошол эле учурда ыңгайсыздык да жок эмес. Ал — кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн кытай өндүрүшчүлөрү менен тең тайлашууга мүмкүнчүлүгү жоктугу.
«Кыргыз ишкери кандай тармактагы кайсы ишкананы ачпасын чыгарган продукциясы кытай продукциясынан кымбат болуп калат», — деди ишкер.

Ал 30-40 жыл илгери эле Кытай жакыр өлкө болгонун, аз убакытта кескин өнүккөнүн жана Кыргызстан мындан үлгү алуусу керектигин кошумчалады.
Бүгүн Бишкекте Кытайдын 70 жылдыгына арналган тегерек стол өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз