УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин камалаардын алдында тартылган видеосу жарыяланды. Анда мурдагы кызматкер Кой-Таштагы окуя кандайча болгонун айтып берген.
Видеону адвокат Замир Жоошев жарыялаган. Анын айтымында Сагымбаевдин жакын арада камалаарын сезгендиктен алдын ала 11-августта окуянын жүрүшү тууралуу айткандарын иштин материалдарына тиркөө үчүн видеого тартып коюуну туура деп тапкан.
Видеодо Канат Сагымбаев 7-8-августтагы окуяны кеңири баяндаган. Ал белгилегендей 7-августта Атамбаев короосунда топтолгон элге чыкканда автоунаалар ары-бери өтүп жатканын байкаган.
“Мен ага алгач маани бербедим, автоунаа жарышы болуп жатабы деп койгом. Бирок алар дарбазанын жанына токтогондо кандайдыр бир окуянын башталганын сездим. Кароолдо турган балдар чабуул башталганын айтып калышты. Мындай кырдаалда менин негизги милдетим мамлекеттик кайтаруудагы объекти коргоо эле. Атамбаевди эвакуациялап бул милдетимди аткардым деп ойлойм, анын бир тал чачы да жерге түшкөн жок.
Корооого беткапчан адамдар кирип келишти. Алар эскертпей турушуп абага ок чыгарышты. Мен мурдагы президентти үйгө алып кирдим, эшиктердин баарын бекиттим. Алмазбек Шаршенович өзүнүн бөлмөсүнө кирди. Мен терезеден карап сыртта эмне болуп жатканын байкоого өттүм. Көчө тарапта снайпер болушун боолголодум. Боз үйдүн жанында беткапчан адамдар турушту, а үйдө эч ким болгон эмес. Көрсө алар үйдү курчоого алышып, каалгаларды талкалай башташыптыр. Бир канча убакыттан кийин мага каалганы бузуп жатышкандай үн угулду, бул 30-40 мүнөттөй созулду. Алмазбек Шаршенович өзүнүн бөлмөсүнөн чыккан жок. Бир канча убакыттан кийин мага: “Мага жакындаба, атып салуулары мүмкүн”, — деп айтты.
Ал Атамбаев менен эч кандай сүйлөшүүгө барбаганын, келген бейтааныш адамдар абдан сөгүнүшкөнүн белгилеген. Айтымында үйгө кирип келген беткапчандардан Атамбаев өйдөңкү кабатка чыкпоолорун суранган. Ал кимдир бирөөнүн каны төгүлүшүн каалабаганын айткан. А Сагымбаев ошол убакта Атамбаевдин жанына барууну чечкен. Бирок ошол мүнөттөрдө атылган ок шыпка тийген.
Ошондой эле мурдагы кызматкер жаалданган көпчүлүктүн толкунунда калган атайын бөлүктүн кызматкерлерине жардам бергенин билдирген. Ал сыртка чыгып жарадар болгон жоокерлерди көргөн. Жарадар болгондорду өзүнчө жаткырып биринчи жардам көрсөткөн. Ал эми калган жоокерлерди бир бөлмөгө жашырып койгон.
Кийинки күнү ал Атамбаевден көпчүлүктү спецназдарды бошотууга көндүрүүнү суранган. Көпчүлүк ыкка келгенден кийин Сагымбаев Асель Кодурановага телефон чалган. Ал УКМКга байланышып, жоокерлер үчүн автоунаа жөнөтүшүн суранаарын билдирген. А бирок автоунааны көпкө күтүшкөн. Акырында Сагымбаев өзү аракет кылып машина таап, жоокерлерге жарандык кийим кийгизип шаарга өзү коштоп жеткирген.