Четверг, 19 сентября

Венесуэланы ким колдоодо?

0

АКШ, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика, Гватемала бийлиги Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Хуана Гуайдону убактылуу президент деп таанышты. Мексика, Боливия, Куба, Кытай, Түркия жана Россия Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадурону колдошууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук Ассамблеянын төрагасы Хуана Гуайдону Венесуэланын “утурумдук президенти” деп тааныгандыгын жарыя кылды. Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Бир тууганым Мадуро! Багынба, Түркия сени менен!” – деген жалындуу каалоосун билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова: «Венесуэладагы окуялар бир мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, эгемендүүлүгүнө шек келтирүү болуп саналат. Бийликти өзү каалагандай алмаштырууга ашынган батыш коомчулугунун Эл аралык укуктарга кандай мамиле жасагандыгы ачык көрүндү.»

Кытай Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин «Кытай Венесуэланын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы турат.» -деп билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз