Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын колуна пакет кармап коомдук транспорт күтүп турган сүрөтү жарыяланды. Мурдагы биринчи айымдын бул сүрөтү интернет желесинде дароо талкууга түшүп, СДПК партиясы сүрөттөгү айым чын эле Раиса Атамбаева экенин тастыкташты. Сүрөттүн автору Атамбаева медициналык академиядан чыккандыгын жазган.
Эскерте кетсек, мурдагы биринчи айым Атамбаев президент болуп турган кезинен бери Мамлекеттик медициналык академияда эмгектенип келген. Алмазбек Атамбаев кармалып, Кой Таштагы үйү камака алынгандан кийин Раиса Атамбаева жашай турган жери жок экенин, үй- бүлөсү менен көчөдө калуу корнучу болуп жатканын айтып чыккан.