Понедельник, 20 мая

Атамбаев үй камагына чыгабы?

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгарылып, тергөө мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өзгөчө режимде жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин экс баш прокурор Азимбек Бекназаров айтып чыкты.

Бекназаров бул туурасында убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда сүйлөшкөн.

Айтымында ал президентке “мамлекетти алты жыл башкарган Алмазбек Атамбаевди наркоман, терористтер менен бирге камап коюу туура эмес. Аны үй камагына чыгарып деле тергөө жүргүзсө болот. Резиденцияга эч ким кире албайт ошол жакка жайгаштырып деле сураса болот да. Албетте ал башаламандыкка, кан төгүүгө сөзсүз жооп бериши керек, бирок башкалар боюнча айта албайм”-деген.

Саясатчы билдиргендей мамлекет башчысы буга — Атамбаевди камоо боюнча ойу болбогонун, көптөгөн иш -аракеттерине, Россияга барганына, тергөөгө келбегенине көз жумганын, бирок кан төгүүлөр орун алганын, эми сотторго аны чыгар же үй камагына ал деп айта албай турганын билдирген.

Ошондой эле Бекназаров бул сунушу убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн колдоо таппаганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз