Понедельник, 25 ноября

Бакудагы Түрк кеӊешинин саммитине даярдык чоң

0

Азербейжандын президенти Ильхам Алиев түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык Кеӊешинин башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Азербейжандын президенттик аппараты маалымат таратты.

Анда айтылгандай тараптар Бакуда 15-октябрда өтө турган Түрк кеӊешинин VII саммитине даярдыктарды талкуулашты. Алиев саммит өтө жогорку деӊгээлде өтүп катышуучу-өлкөлөрдүн кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошооруна ишенээрин белгиледи. Ал ошондой эле акыркы убакта Түрк кеӊешинин географиясы кеӊейип, уюмга башка да тилектеш өлкөлөр кошулуп жатканын айтты.

«10 жыл мурда Нахчыванде биз Түрк кеӊешин түзүү чечимин кабыл алганбыз. Бул маанилүү чечимди кабыл алууга түрткөн жагдай эсимде. Азербейжан тилектеш мамлекеттердин башчыларын бир нече жолу тосуп алды. Ага байланыштуу мен бул жолку иш чара да жогорку деӊгээлде өтөөрүнө ишенем. Саммиттин алдынан даярдыктын бардык деталдарын талкуулап алуу зарыл, бул иш чаранын ийгиликтүү өтүп, мамлекеттердин ынтымагынын бекемдешине салым кошот», — деди Алиев.

Амреев өз кезегинде Түрк кеӊешинин түптөлгөнүнө 10 жылдыз жүзү болгонун белгиледи.
«Бул 10 жыл өнүгүүнүн мезгили болду. Биз кабыл алган олуттуу чечимдин шарапатынан түрк дүйнөсүнүн ынтымагы бекемделди. Азыр биз жаӊы этапка, ири интеграциянын этабына өттүк», — деди Амреев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз