Дордой клубунун оюнчусу Азамат Байматов 10-октябрда боло турган беттешке чыкпайт. Бул туурасында футбол Федерациясынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой Кыргызстан улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов алган жаракатынан улам оюндан четтетилген.
“Байматов Дүйнө чемпиондугун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан — Мьянма беттешине катыша албайт. Анын ордуна «Алай» клубунун футболисти Акрам Умаров чыгат»-деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей Умаров ушул кезде команда менен биргеликте машыгууларын өткөрүп жатат.
Кыргызстан менен Мьянманын ортосундагы оюн 10-октябрда саат 20:30 да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спартак стадионунда өтөт. Билеттер 3-откябрдан тартып сатыла баштаган. Баасы 250 сомдон 500 сомго чейин. Беттештер 2022-жылдагы Катарда өтчү Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында “Азия” аймагында тандоо турунун негизинде уюштурулуп жатат.