Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн комитет отурумуна келди. Буга чейин анын ооруп жатканы айтылып, дээрлик 2 айдан бери парламенттеги жыйындарга катыша элек болчу.
Эске салсак Республика-Ат Журт фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча айып тагылып, анын негизинде суралып жаткан. Бирок 7-июнда, кезектеги сурактан кийин ден-соолугу кескин начарлап ооруканага түшкөн. Кийинчирээк ал соттун чечими менен үй камагына алынган.
Зарылбек Рысалиев Батукаев абактан чыгарылган учурда Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматын жетектеп турган.