Россия менен Түркиянын өкмөтү эсептерди жана төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Россиянын Каржы министрлигинин сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда келишимге орус тараптан каржы министри Антон Силуанов, ал эми түрк тараптан казына жана каржы министри Берат Албайрак кол койгон. Документтин максаты эки өлкөнүн эсептерин жүргүзүүдө улуттук валюталарды колдонууга (лира жана рубль) акырындык менен өтүү, каржы рыногунун тийиштүү инфраструктурасын түзүү жана улуттук валюталардын баркын көтөрүү болуп саналат.
Каржы министрлиги келишим банктар аралык алака-катышты бекемдөө жана кеңейтүүгө багытталганын, ошондой эле эки өлкөнүн чарбалык субъектеринин ортосундагы үзгүлтүксүз эсептерди камсыздоого багытталганын тастыктады.
Түркияда россиялык “Мир” банк карталарын İş Bank банкы ушул жылдын апрелинен тартып кабыл ала баштаган, ошондой эле түрк каржы мекемелери жана компаниялары SWIFT россиялык аналогуна кошулат.
Мындай кадам санкциялардын кеңейтилүү ыктымалдыгына карата доллардан көз карандысыз болуу үчүн жасалды. Түркия Кытай, Иран жана Украина менен улуттук валюталардын негизинде эсеп жүргүзүүгө өтүүгө даярданууда. Ал эми Евросоюз менен евро аркылуу эсептешүү ойлонуштурулууда. Ирандын улуттук Melli Iran банкы Түркия менен валюталар боюнча келишимди 2018-жылдын апрель айында түзгөн. Ошол эле жылдын сентябрь айында Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте өткөн түрк-кыргыз форумунда Кыргызстанга доллардын монополиясынан баш тартуу сунушун киргизген.