Понедельник, 25 ноября

Тазабек Икрамов ардагерлердин “отличниги” болду (Видео)

0

Билим берүүнүн мыктысын алды деп коомчулуктун сынына кабылган депутат Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта ийгилик жаратты. Бул туурасында Бириккен күрөш уюму кабарлайт.

Ардагерлер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Икрамов 70 кг салмакта күрөшкөн. Беттеш Тбилиси шаарында орун алып депутаттын биринчи атаандашы венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону жеңген.

Эл өкүлү үчүнчү орун үчүн түркиялык Орхан Тикач менен кармашып аны жеңген.
Эскерте кетсек, Тазабек Икрамов “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Кийинчирээк фракция лидери Бакыт Төрөбаев менен пикир келишпестиктер орун алганы үчүн андан чыгып кеткен. Өткөн жылы билим берүүнүн мыктысы наамын алганы үчүн коомчулуктун тепкисинде калган. Ошондой эле Икрамов парламенттин трибунасынан айрым сөздөрдү так айта албаганы үчүн сындалып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз