Вторник, 26 ноября

Кан бысымыңды бекер текшерт!

0

Ош облусу менен Ош шаарынын тургундарынын кан басымы текшерилүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой 9-10-11-октябрь күндөрү Ош облусу жана шаар боюнча ири масштабдагы «Кан басымыңды билип ал!» аттуу акция башталган.

Ал үчүн Ош облусу боюнча артериялык кан басымды акысыз өлчөй турган 50 пункт, Ош шаарында 42 бөлүм ачылды.

“Акция шаарларда, райондун борборлорунда, кичи шаарларда,Үй бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, базарларда, ири ишканалар жайгашкан жана калк жыш отурукташкан жерлерде жүрүп жатат. Ал эми айыл жерлерде бул иш чараны 2Гис картасынан «Пункты измерения артериального давления» деп жазсаңыз чыгарып берет. Жогорудагы көрсөтмөнүн негизинде окутулган ДЧК адистери айылдык ден соолук комитеттерин (АДК) окутушат. АДКлар жергиликтүү ФАП тагы медицина кызматкерлер менен биргеликте 18 жаштан жогорку калктын кан басымын өлчөшүп, кан басымы жогору болгонун биринчи жолу билген жарандардын тизмесин ФАП кызматкерлерине беришет”,- деп жазылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз