Понедельник, 6 мая

Түркия Сириядагы “Тынчтык булагы” операциясын баштады

0

Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын Евфрат дарыясынан чыгышты көздөй орун алган райондорунда терроризмге каршы операциясын баштады. Операциянын башталганы тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Twitterдеги баракчасына жазды.

Мамлекет башчы кабарлагандай Сириянын түндүгүндөгү PKK/YPG жана ДЕАШ террористтик уюмдарына каршы операция “Тынчтык булагы” деп аталат. Анын максаты Түркиянын түштүк тарабындагы чек арадагы террористтердин көзөмөл алдындагы аймактарды бошотуу, Сирияга тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо болуп саналат.

Режеп Эрдогандын айтымында “Тынчтык булагы” операциясы Түркияга карата террористтик коркунучтарды жоет. Бул операциянын жардамы менен Сирияда “коопсуздук аймагы” түзүлүп, сириялык качкындардын кайтып келишин камсыз кылат.

“Тынчтык булагы” операциясы Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталып, сириялык тургундарды терроризмдин коркунучунан бошотот”, — деп белгилеген түрк лидери.

Мамлекет башчы операцияга катышуучу түрк аскер кызматкерлерине жана сириялык оппозициянын жоокерлерине ийгилик каалаган.

Түрк президентинин билдирүүсү англис жана араб тилдеринде жазылган.
Түркиянын президенттик администрациясы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен улуттук коргоо министри Хулуси Акардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн кадрын жарыялады. Анда мамлекет башчы “Тынчтык булагы” терроризмге каршы операциясын баштоого буйрук берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз