Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттеги ар кандай маселелер саатында депутат Ирина Карамушкинага “Кыйкырбаңыз, бул процедуралык суроо эмес микрофонуңузду өчүрдүм, отуруңуз”- деп КСДПчы депутаттын микрофонун өчүрүп салды.
Өз кезегинде Ирина Карамушкина спикерге кайрылып: “Сиз эмнеге менин сөздөрүмө башка депутаттын комментарий берүүсүнө жол берип жатасыз? Айнура Тойчиевна сиз регламенттин тартибин билесизби? Регламенттин кайсы жеринде бир депутат башка эл өкүлүнүн сөзүнө комментарий берсе болот деп жазылып турат?”, — деди.
Эскерте кетсек, бүгүн ЖК отурумунда депутат Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго партиялашы мурдагы досу катары эмес мамлекет башчысы катары кайрылып жатканын айткан.
“Мен депутаттарга, кесиптештериме кайрылам. Биз каяктагы күчтүү мамлекет, каяктагы күчтүү парламент жөнүндө айтып жатабыз? Караңыздарчы Алмазбек Атамбаевге тагылып жаткан ЖЭБ боюнча, Кой- Таштагы жер тилкеси боюнча коюлуп жаткан күнөөлөрдүн мааниси жок. Мунун бардыгы сиздердин макулдугуңуздар менен жасалган жок беле? Ал учурда Асылбек Жээнбеков спикер – досу Сооронбай Жээнбеков эмес беле? Эмнеге ЖЭБди модернизациялоо туура эмес деп айткан эмессиздер? Баарыңыздар буга кошумчасыздар. Мен интернетти карап чыктым: ал учурда бардыгы Атамбаевди колдоп келген, азыр болсо унчукпай отурушат. Чынында эле эч кандай намыс, кадыр-барк деген калбадыбы?”-деди депутат.
Буга чейин эл өкүлү Айнуру Алтыбаева жооп кайтарган болчу.