Өкмөт ишкерлердин ири суммадагы каражаттарга күйүп калуусуна жол бербей ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, унаа ташуудагы жеңилдетилген бажы төлөмдөрдү узартышы керек. Бул туурасында депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынын учурунда экономика министри Санжан Муканбетовго суроо берип жатып билдирди.
“2020-жылдан тартып автоунааларды ташып келүүдөгү бажы алымдарынын саны 10 эсеге жогорулаары айтылып коомчулук дүрбөлөңгө түшө баштады. Унаа ташыган ишкерлер бөөдө банкротко учурабашы үчүн мунун убактысын узартыш керек”-деди Тиллаев.
Өз кезегинде Экономика министри Санжар Муканбетов бул боюнча учурда өкмөттө кеңешмелер жүрүп жатканын айтып, кыргызстандын автоунааларды жеңилдетилген бажы төлөмдөрү менен ташуу мөөнөтүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
“Автомобилдерди ЕАЭБдин алкагында 2 жылдык жеңилдетилген төлөм менен ташуунун убактысы бүтүп баратат. Автопаркты жаңыртууга 2 жылдык жеңилдик алганбыз. Ал 2019-жылдын 31-декабрында соңуна чыгат. Мөөнөттү узартуу боюнча кеңешмелер жүрүп жатат. Убактысын дагы созууга бизде мүмкүнчүлүк бар”-дейт министр.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматы туура эки айдан кийин транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктап, 2020-жылдын 1-январынын тарта Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйүп, машиналардын баасы асманды чачый турганын билдирген болчу.