Коомдук биринчи каналдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу КТРКнын башкы директору кызматын аркалаганга моралдык акысы жок. Мындай пикирин белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирип чыкты.
Айтымында КТРКнын жетекчиси аталган каналда көрсөтүлүп жаткан Манаска болгон мамиле аттуу программасынын эфирге чыгышына бут тоскон. Буга 25-сентябрь күнкү эфир себеп болгон.
“23-сентябрдан баштап КТРКда “Ким макул” деген аталыштагы жаңы форматтагы программа эфирге чыгып баштаган. Мунун алкагында 25-сентябрда “Манаска болгон мамиле” деген көрсөтүү чыккан. Анда 2011-жылы “Манас” тууралуу кабыл алынган мыйзамдын иштебей жатканы айтылган. Ошондой эле, “Манас”, “Ак Кула”, “Бакай” аталарыбыздын атынан аталган алкоголдук ичимдиктери туурасында кеп болгон. Ошол чыгарылыштан кийин КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу тарабынан асылуулар башталып, кысымдар күчөгөн. Ал долбоордун техникалык жетекчилерин чакырып “Манасты ким тааныйт?” деп кекеткен”-деди Сыдыков.
Ошондой эле манасчы бул сөздү угуп туруп унчукпай отура албасын айтып, президентке, эл өкүлдөрүнө, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуу жасап, ЖайнакҮсөн улунун КТРКнын жетекчиси болуп отурууга моралдык акысы жок деп эсептей турганын кошумчалады.