Пятница, 3 мая

Энелердин өлүмү эмнеге кыскарбай жатат?

0

КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан төрөттөн каза болгон энелердин саны боюнча биринчиликти бербей келет. Бул туурасында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

“Саламаттык сактоо министрлигинин жасап жаткан ишине карабастан Кыргызстанда төрөттөн көз жумган энелердин саны кыскарган жок. Айрыкча Ош шаарында мындай учурлар арбын экен. Республика боюнча статистиканы карай турган болсок, биринчиде Ош шаары, экинчиде Жалал-Абад, үчүнчүдө Баткен турат экен. Эмнеге мындай көрүнүш азайбай жатат Космосбек Сариевич?”-деди Алтыбаева.

Өз кезегинде Чолпонбаев аталган министрлик бул багытта иш алып барып жатканын, анткен менен көпчүлүк өлүмдөр жарандардын өзүнүн ден-соолугуна кайдыгер мамиле кылгандан улам жаралганын билдирди.

“Басымдуу энелер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кош бойлуу учурунда эмес, эртең төрөйм деген күнү кайрылышат. Мындай учурларда, төрөтүүдө көйгөй жаралбай койбойт”,-дейт министр.
Анткен менен Чолпонбаев депутаттын айткандары жүйөлүү экенин моюндап, ошол эле учурда энелердин өлүмү мурункуга салыштырмалуу 2 пайызга, ымыркайлардын өлүмү 5 пайызга чейин азайганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз