Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунда өспүрүм көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан өзүн таштап каза болгону айтылууда. Андагы маалыматтарга таянсак кайгы шоколаддын айынан келип чыккан.
Каза тапкан өспүрүм эки досу менен ГУМдагы “Алма” гипермаркетине кирген. Алар сатуучуга жана кайтаруучуларга көрсөтпөй шоколад алышкан. Бирок кайтаруучу байкап калып аларды кармаган. Ошол замат балдардын ата-энелерине телефон чалып окуя тууралуу кабардар кылган. Мындан кийин балдар үйлөрүнө жиберилген, эки бала үйүнө кайткан, ал эми бири 8-кабаттан өзүн таштап жиберген.
Бирок Бишкек ШИИБине азырынча мындай кабар түшө элек. Соцтармакка тараган маалыматты текшерип жатышканын милициядан билдиришти.