Воскресенье, 19 мая

Шайлоого 2 миллиардга жакын акча каралууда

0

2020-жылы өтө турган парламенттик жана жергиликтүү депутаттарды шайлоого бюджеттен 2 миллиард сомго жакын акча каралган. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов Жогорку Кеңештеги тармактык комитет жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Нурбек Алимбеков шайлоого карала турган каражаттын так санына кызыкты. Ошондой эле парламенттик шайлоо менен жергиликтүү шайлоолорго бөлүнө турчу акчанын суммасын эки башка айтып берүүсүн өтүндү.

Каржы министринин орун басары 2020-жылы казынадан жалпы шайлоолорду өткөрүүгө 1 миллиард 191, 6 миллион сом каралып жатканын айтып, канчасы парламенттик шайлоого, канчасы жергиликтүү шайлоолорго жумшалаарын кагаз жүзүндө берүүнү убада кылды.

Ортодон сөз алган вице-премьер министр Кубатбек Боронов 828 миллион парламенттик шайлоого, 200 миллиондон ашыгы жергиликтүү депутаттарды тандоого кетээрин кошумчалады.

Айта кетсек 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Азыркы парламент 2015-жылдын октябрь айында шайланып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз