Четверг, 2 мая

Мектеп окуучулары тазалыкка үйрөнүшүүдө

0

Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата №86 мектеп гимназиясында интерактивдүү ыкма аркылуу 9-классттарга сабак өткөрүлдү. Мында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында: тамекинин, алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк боюнча кеңири маалымат айтылды. Бул тууралуу “kyrgyz.news” сайтына Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун басма сөз кызматынын өкүлү Асель Султанова билдирди.

Айтымында Бишкек шаардык жана республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун адистери тарабынан мугалимдерге жана окуучуларга оюн формасында жүрүм- турумдарды өзгөртүү, туура эмес адаттардан кутулуу боюнча мастер-класс көрсөтүлдү.

“Ар бир темадан кийин окуучулар өз алдынча “үй-бүлө эрежесин” иштеп чыгышты. Бул окуунун максаты окуучуларды сындоо менен ой жүгүртүүсүнө түрткү берүү жана жугуштуу эмес ооруну (ЖЭО) алдын алууда жооптуу жүрүм-турум ыкмаларына үйрөтүүгө көмөк көрсөтүү”, -дейт Султанова.

Ошондой эле бул боюнча Кыргызстандын 4 областында, тагыраагы Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкек шаарында мектептерде сабактар өткөрүлгөнүн кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз