Суббота, 4 мая

Өзүн Кудайга теңегендер жазаланабы?

0

Кыргызстандагы белгилүү теңирчилердин бири Арстанбек Абдылдаевдин өзүн Кудайга теңеген сөздөрү текшерилет. Бул тууралуу дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңеште депутат Улугбек Ормоновдун берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жыйында Улугбек Ормонов өзүн «Кудаймын» деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлө турганына кызыкты.

Зайырбек Эргешов өзүн Кудаймын деген Арстанбек Алайдын сөзү экспертизага жиберилгенин, чара көрүү маселеси анын жыйынтыгы менен белгиленээрин айтты.

Ал эми ИИМ министринин орун басары болсо бул сөздөрдө экстремизмге же улуттар аралык кастыкка чакыруу жок экенин белгиледи.

Айта кетсек Арстанбек Абдылдаев коомчулукка Арстан Алай деген ат менен белгилүү, айрыкча анын маалымат жыйындарынын биринде «Зима не будет» деп айтканы эл арасында кызуу талкууланган. 2011-жылдары президенттикке дагы ат салышкан. Акыркы мезгилде кайсы бир жеке телеканалдардан эфир сатып алып түз эфирде теңирчилик туурасында сөз козгочу. Бирок бир дагы канал ага эфир бербей калганына байланыштуу өткөн аптада Жогорку Кеңештин алдында анын тарапташтары митинг уюштурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз