Суббота, 4 мая

Кыргыз- Япон кызматташтыгы бекемделүүдө

0

Япония мамлекети Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет, маселен акыркы 4-5 жыл аралыгында эле 94 миллион долларга жакын жардам көрсөтөн. Эми бир катар социалдык тармактар боюнча колдоо көрсөтүү жөнүндө дагы сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров «kyrgyz.news» интернет сайтына билдирди.
Айтымында бир катар депутаттар тобу Япония тараптын чакыруусу менен барып келишкен. Анда Саламаттык сактоо, Сейсмология, Мамлекеттик каттоо кызматы тармактарына зарыл делген жабдыктар менен камсыз кылуу багытында сүйлөшүүлөр орун алган.

“Иш сапардын алкагында Токио парламентинде болдук, төрага Тадомири Осима мырза менен жолугушууда жогоруда айтылган тармактарды кымбат баалуу аппараттар менен камсыз кылуу боюнча сөз болду. Биз атайын ушул тармак боюнча сөз козгодук, анткени саламаттык сактоо, каттоо кызматтары калктын аялуу катмарын тейлеген тармак болуп эсептелет. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр оң жагына чечилсе, элдин жашоо шартын жакшыртууга бир аз да болсо салым кошкон болот элек”,- дейт Масабиров.

Айта кетсек Таалайбек Масабиров баштаган эл өкулдөрү Япониянын Төмөнкү палатасындагы 465 депутаттан турган парламентинин сессиясынын ачылышына катышышкан. Аталган жыйында Япониянын премьери Синдзо Абэ дагы болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз