АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирия түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгаруу тууралуу чечимин айыптаган резолюция кабыл алды.
Палатанын көпчүлүк өкүлдөрү талкуу учурунда бийликке “Ислам мамлекети” террористтик топту жок кылуу планын сунуштоо зарылдыгын белгилешти.
Трамптын аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечимин Конгресстеги демократтар менен катар республикачылар дагы сынга алышты. Депутаттар аймакта жихаддык кыймылдын кайра жаралуу ыктымалдыгынан кооптонуп жатышканын айтышты. Буга чейин Пентагон Сирияда ИМ тобу кайра күчтөнүп алышы мүмкүндүгүн билдирген.
Өз кезегинде Дональд Трамп Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында түзүлгөн абалды Түркия менен Сирия өз ара чечишип алат деген үмүтүн билдирди. Ал Вашингтон дагы маселени чечүүгө аракет кыларына белгилеп, түрк президенти Режеп Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Майк Пенстин 17-октябрга белгиленген жолугушуусуна чоң үмүт артып жатканын кошумчалады.
Түркия “Тынчтык булагы” операциясын Сириянын түндүгүндө 9-октябрда баштаган. Операция Түркиянын чек арасындагы терроризм коркунучун жок кылууну жана сириялык качкындардын мекенине кайтып келишин коопсуздандырууну максат кылган. Түркиянын бул аракетин Вашингтон сынга алган, бирок Трамп бул операцияга кийлигишпей турганын билдирген.